Адабият, 9 класс, Парпиев М., Алымов Б., 2019

Адабият, 9 класс, Парпиев М., Алымов Б., 2019.

Учебник по литературе для 9 класса на киргизском языке.
 
   Адабият - бардык искусствонун ичинен адам көңүлүнө эң бир узак уялаган сөз өнөрү. Адам баласы жаралгандан баштап, бүгүнкү күнгө чейин легенда-мифтердин, макал-ылакаптар, санат-насыяттардын атадан балага, муундан-муунга айтылып келе жатышынын негизги себеби да ал чыгармалардын ар кандай доордогу алдыңкы адамдардын мүдөөтилегин чагылдыргандыгынан улам болуп отурат.
Биринчи Президентибиз Ислам Каримов «Жогорку руханият - жеңилгис күч» деген китебинде адамдын «руханий дүйнөсүн жарата турган дагы бир кудуреттүү каражат» бул - көркөм сөз өнөрү, көркөм адабият экендигин баса белгиледи. Адабият эзелтеден элдин жүрөгүңдөгүлөрүн туюнткан чындык менен адилеттин жарчысы болуп келген. Эгемендүүлүк жылдарында адабиятты өнүктүрүү, тарыхый чындык менен биргеликте бүгүнкү күн жөнүндө, заманабыздын каармандары жөнүндө жаңы-жаңы чыгармалар жаратуу замандын талабы болуп калды.

Адабият, 9 класс, Парпиев М., Алымов Б., 2019


КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ.
Өмүрү жана чыгармачылыгы. Ал 1904-жылы Түп районундагы Тепке айылында туулган. Ата-энеси жарды адамдар болгон. Ошон-дуктан жаш ксзинен эле турмуштун запкысын көп көрдү, эл башына түшкөн азапты бирге тартышты. 1916-жылкы кыргыз элинин боштондук кыймылында Кытай жеринс качып барып, 17-жылкы төңкөрүштөн кийин гана эл менен бирге кайтып келет. Алгач өз айылындагы башталгыч мектспте окуп, андан ары билимин Ош педагогикалык техникумунда улантат. 1925-жылы Фрунзедеги педтехникумга которулуп, аны 1930-жылы бүтүрүп чыгат. Мезгил талабын туура түшүнгөн К. Жантөшев агартуу майданында иштөөнү чечет. Алыскы Ош жергесинин айылдарынын бирине барып, мугалим болуп ипггейт.

Белгилүү сүрөткердин чыгармачылык жолу драма жазуудан башталат. Педтехникумда окуп жүргөндө эле «Койчулар» деген бир актылуу пьесаларды жазып, андагы айрым ролдорду өзү аткарып, режисссёрдук да кыла коюп, көзгө көрүнө баштайт. 1928-жылы улуттук театрыбыздьш көшөгөсүн биринчилерден болуп ачкан «Карачач» драмасы аны элге таанымал кылды. Бул пьеса айрым боордош элдердин театрларында да коюлуп, жылуу кабыл алынган. Мындай ийгиликтер драматургду ого бетер шыктандырып, жаңы чыгармаларды жаратууга түрткү берди. «Алым менен Мария», «Дардаш», «Ушундай болду», «Кичинексй баатыр» аттуу пьесаларды удаалаш жазды. Бирок бул драмалар К. Жантөшевдин чыныгы чыгармачылык жүзүн даана ача албады. Аны бөтөнчө бир атакдаңкка жеткирип, калың калктын сүйүктүү жазуучусуна айландырган «Каныбек» романы менен «Эки жаш» повести болду. Мына ушундан баштап ал эки жанрда бирдей жсмиштүү иштеди.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
XX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз адабияты.
К. Тыныстанов.
Ала-Too.
Манас күмбөзү.
С. Карачев.
Эрксиз күндөрдө.
А. Токомбаев.
Мезгил учат.
К. Баялинов.
Ажар.
Эркиндик эңсеген кыздын тагдыры.
Адабият теориясынан: көркөм чыгармадагы пролог жана эпилог.
К. Жантөшев.
Курманбек.
«Курманбек» драмасы.
Адабият теориясынан: драмалык конфликт.
М. Элебаев.
Кыйын кезең.
Өлүп тирилгендер.
Адабият теориясынан: салт жана жаңылык.
XX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз адабияты.
Ч. Айтматов.
Чыңгыз Айтматов жана өзбек адабияты.
Саманчынын жолу.
Адамзаттын жолу жөнүндөгү баян.
Кылым карытаар бир күн.
Адабият теориясынан: көркөм шарттуулук түшүнүгүн тсреңдетүү.
Н. Байтсмиров.
Календардын барагы.
К. Каимов.
Анарбайдын көпүрөсү.
«Анарбайдын көпүрөсү» - жаңы салттын уланышы.
А. Саспаев.
Татым туз.
Сарала ит.
С. Жусуев.
Кубаныч.
Ш. Садыбакасов.
Ак боз ат.
Ш. Дүйшеев.
Кайран тил.
Боордош жана дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүнөн.
Кабус-наама.
Өзбек поэзиясынын башаты Алишер Наваий.
Сүйүү гүлдестеси.
Өзбек-кыргыз адабий байланыштары Абдулла Кадьфий.
Дүйшөмбү күнү кечинде.
Чолпон.
Абдулла Арипов.
Аман Матчан.
Адабият теориясы боюнча V-IX класстарда алган маалыматтарды жыйынтыктоо.
Ата Журтуң - алтын бешигиң.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Адабият, 9 класс, Парпиев М., Алымов Б., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-28 21:46:07