Адабият, 5 класс, Ералиева Г., Зулпихарова А., Маматалиева Д., 2020

Адабият, 5 класс, Ералиева Г., Зулпихарова А., Маматалиева Д., 2020.

Учебник по литературе для 5 класса на киргизском языке.
    
    Ардактуу окуучум, сен буга чейин адабий окуу сабактарында сөз дүйнөсүнүн укмушу менен кереметин ар түркүн ыр, жомок жана аңгемелер аркылуу көргөнсүң. Ал дүйнөгө саякат да жасагансьщ. Элибиздин белгилүү жазуучусу Өткүр Хашимовдун «Дептер жээгиндеги жазуулар» («Daftar xoshiyasidagi bitiklar») китебинде мындай бир сөз бар. «Элестетип көр, сен искусство музейине кирдиң. Ал жердеги түркүн-түстүү сүрөттөрдү көрүп көзүң куунайт, таңданасың. Эми концертке кирдиң дейли. Анда музыка менен кошо сахнадагы көрүнүштөрдү көрүп өзгөчө ырахат аласың. Ойлон, сен колуңа адабий китеп алдың. Анда ак кагазда кара түстөгү тамгалар гана бар. Китепте жазылган текстти окуй баштаганыңда анда баяндалган окуялар көз алдыңдан кинотасмадай ото баштайт. Буга кошумча, анда эске алынган үндөр кулагыңа кадимкидей угулуп, бүткүл окуя жандана түшөт.

Адабият, 5 класс, Ералиева Г., Зулпихарова А., Маматалиева Д., 2020


ЛАКАПТАР.
Кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдын жүрүш-турушундагы, мүнөзүндөгү өзгөчөлүгүн жыйынтыктаган, элестүү, чечмелениши бар дидактикалык чыгармалардын бир түрү лакаптар деп аталат. Кээ бир адамдар өз атын жашыруу, же болбосо адамдар көпчүлүк тарабынан бирөөнүн жакшы сапаттарынан, көрүнүшүнөн же мүнөзүнөн улам мактоо, тергоо, айрым учурларда шылдьщдоо максатында атап коюлган кошумча ат-псевдонимди Өзбекстан жер-гесинде кээде ылакап (laqab) түрүндө колдонушат. Ошондуктан, бул түшүнүк менен лакаптарды чаташтырбоо керек. Лакаптар кайсы бир окуянын негизинен келип чыгып, өзүнчө бир тарбиялык максатты коздойт. Мисалы: «Койчунун кызынын кайраты кой кайтканда та-шыптыр» деген лакаптын чечмеленишин карап көрөлү.

Койчу эрте танда койлорун айдап, кетээрде кызына бир күндүк ат-карылуучу жумуштарды берип кетет. Бирок кыз кечке оюн менен бо-луп, айтылган жумуштарды толугу менен аткарбайт. Кечинде кой кай-таарда атасынын айткан жумуштары эске түшүп, батыраак бүтүрүүго ашыккан кыз ото тез иштей баштайт экен. Лакаптын маңызы-ойноп жүрүп унутуп калган жумуштарды батыраак жасоого аракет кылган кыздын абалы кандай болоорун айтпасак да сага маалым. Андыктан, жумушту өз убагында аткарган адам керек учурда шашкалактап өзүн кыйнабайт.

МАЗМУНУ.
Адабият-сөз дүйнөсүнүн ачкычы.
ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН КАЗЫНАСЫНАН.
Дидактикалык чыгармалар.
Макалдар.
Лакаптар.
Адабият теориясынан. Макал жана лакаптар жөнүндө түшүнүк.
Табышмактар.
Адабият теориясынан. Табышмактар жөнүндө түшүнүк.
Жаңылмачтар.
Адабият теориясынан. Жаңылмач жөнүндө түшүнүк.
Калптар.
Адабият теориясынан. Калп-адабий жанр катарында.
ЭЛДИК ЖОМОКТОР.
Жомоктор жөнүндө түшүнүк.
Жоомарт жана Адил.
Гүл өстүрө албаган бала.
Үч ага-ини баатырлар.
Акылдуу дыйкан.
Адабият теориясынан. Жомоктор жөнүндө түшүнүк.
ЭЛДИК ЭПИКАЛЫК МУРАСТАРДАН.
Манастын бала чагы.
Адабият теориясынан. Салыштыруу жөнүндө түшүнүк.
АДАБИЙ ЖОМОКТОР.
Аалы Токомбаев. Жетим менен сыйкырчы.
Чьщгыз Айтматов. Бугу-эне.
Темиркул Үмөталиев. Күч бирдикте.
Жалил Садыков. Энелердин жүрөгү.
Адабият теориясынан. Адабий жомок жөнүндө түшүнүк.
ЭЛ БАШЫНАН ӨТКӨН КҮНДӨР.
Ысак Шайбеков. Кайран эл.
Миркарим Асим. Тумарис баяны.
«Тумарис» аңгемесинен.
ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ТЕМАСЫНАН.
Алыкул Осмонов.
Неге кечигет.
Бүкөн.
Сооронбай Жусуев. Алакан.
Адабият теориясынан. Уйкаштык жөнүндө түшүнүк.
Касымалы Жантөшев. Чолпонбай.
Чыңгыз Айтматов. Атадан калган туяк.
Аңгеме жөнүндө түшүнүк.
ЖАРАТЫЛЫШ ЖАНА АДАМ.
Карагул ботом.
Алыкул Осмонов. Кыргыз тоолору.
Аалы Токомбаев. Ай нурунда кышкы түн. Жайкы таңда.
Адабият теориясынан. Корком чыгармадагы пейзаж.
Жоомарт Боконбаев. Жылан менен бака.
Райкан Шүкүрбеков. Too эчки.
Мидин Алыбаев. Ала-Тоого.
Соңкөл.
Тянь-Шань.
Адабият теориясынан. Ыргак (ритм) жонүндо түшүнүк.
ЭЛ АКЫНДАРЫНЫН ЧЫГАРМАЛАРЫНАН.
Тоголок Молдо. Телибай тентек.
Барпы Алыкулов. Жакшы кыз.
Өзү каар, тили заар кыз.
Болор жигит.
Болбос жигит.
Эр жигитке сын.
Токтогул Сатылганов. Үлгү ырлар.
Адабият теориясынан. Санат-насыят, үлгү ырлары.
Ысмайыл Борончиев. Кош, Алымкул.
АТА МЕКЕН ЖӨНҮНДӨГҮ ЫРЛАРДАН.
Алыкул Осмонов. Ата-Журт.
Байдылда Сарногоев. Бешигим-Мекен.
ӨЗБЕК АДАБИЯТЫНЫН ҮЛГҮЛӨРҮНӨН.
Алишер Наваийнин өмүрү жана чыгармачылык жолу.
Казалдар.
Айбек.
Балалыгым. (которгон К. Токтобоев).
Абдулла Арипов. Өзбекстан ыры.
Худайберди Токтобаев. Сары дөөнү минип.
ДҮЙНӨЛҮК БАЛДАР АДАБИЯТЫНАН.
Расул Гамзатов. Эне тили.
Ханс Кристиан Андерсен.
Булбул.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Адабият, 5 класс, Ералиева Г., Зулпихарова А., Маматалиева Д., 2020 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-18 10:33:27