Учебник по химии для 7 класса на киргизском языке.
Бул окуу жылында сен ажайып предмет – химия менен тааныша баштайсың. Химия “ажайып өзгөрүүлөр өнөр жайы” деп да аталат. Ал табиятта болбогон материалдарды синтездөө мүмкүнчүлүгүн берет, алар бардык түрдөгү машиналар менен курулмаларды өндүрүүдө, турак жай курууда, кийим-кече жана бут кийим өндүрүүдө колдонулат. Химия биздин айланабызда: эмне жасабайлы, колубузда эмне болбосун, бардык жерде ар түрдүү заттардын өзгөрүшүнө, башкача айтканда химиялык реакцияларга шерик болот.
Бұл оқулықты оқып-үйренгеннен кейін Сен ең маңызды химиялық элементтердің ашылу тарихын және олардың аттарын, оларға қатысты аңыздарды біліп аласың. Сен танымал химиктердің өмір парақтарымен және олар ашқан жаңалықтармен танысасың.
Ушул окуу китебин үйрөнгөнүңдөн кийин эң маанилүү химиялык элементтердин ачылуу тарыхын жана алардын аттарын, алар менен байланыштуу уламыштарды билип аласың. Белгилүү химиктердин өмүр жолу жана ачылыштары менен таанышасың.
Өзбекстандагы кен байлыктары жана кендер.
Адамзат табияттан алып жаткан бардык материалдык байлыктар – жер асты байлыктары, суу, аба, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү жана башкалар табигый ресурс (байлык) эсептелет. Өзбекстандын табигый ресурстары ар түрдүү, ири болуп, экономиканы өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.
Кен байлыктары, негизинен, органикалык жана органикалык эмес табигый минералдар болуп, табигый жана кайра иштелген абалда эл чарбачылыгында иштетилүүчү продуктуларды түзөт.
MAЗМУНУ.
I ГЛАВА. ЗАТТАР.
1.1. Химия предмети жана анын милдеттери.
1.2. Зат жана анын касиеттери.
1.3. Иш жүзүндө машыгуу. Химия бөлмөсүндөгү жабдыктар менен иштөөдө эмгек коопсуздугунун эрежелери менен таанышуу.
1.4. Иш жүзүндө машыгуу. Лаборатория штативи, спирт лампасы, газ горелкалары, электр ысыткыч менен иштөө.
1.5. Таза зат жана аралашмалар.
1.6. Иш жүзүндө машыгуу. Аралашмалардын курамынан таза заттарды ажыратуу (булганган аш тузун тазалоо).
1.7. Заттар агрегаттык абалынын өзгөрүшү.
1.8. Физикалык жана химиялык кубулуштар.
1.9. Иш жүзүндө машыгуу. Күндөлүк турмушта, үй-тиричиликте жүрүп жаткан химиялык жараяндарга байкоо жүргүзүү жана мүнөздөө.
1.10. Бышыктоо сабагы.
II ГЛАВА. ХИМИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТ, ХИМИЯЛЫК БЕЛГИ.
2.1. Атом.
2.2. Атом жана анын түзүлүшү, протон, нейтрон жана электрондор.
2.3. Химиялык элемент. Химиялык белги.
2.4. Химиялык элементтин салыштырма атомдук массасы.
2.5. Изотоптор. Изобарлар. Изотондор.
2.6. Химиялык формула. Валенттүүлүк.
2.7. Молекула. Салыштырма молекулалык масса.
2.8. Жөнөкөй жана татаал заттар.
2.9. Заттын саны. Авогадро туруктуусу. Заттын молярдык массасы.
2.10. Валенттүүлүк боюнча көнүгүү аткаруу.
2.11. Иш жүзүндө машыгуу. Химиялык формулалардын негизинде эсептөө боюнча маселе чыгаруу.
2.12. Химиялык реакциялардын теңдемелерин түзүү.
2.13. Химиялык реакциянын теңдемелерин түзүү боюнча көнүгүү аткаруу.
2.14. Бышыктоо сабагы.
III ГЛАВА. МЕЗГИЛДИК ЖАДЫБАЛ.
3.1. Химиялык элементтердин классификацияланышы.
3.2. Химиялык элементтердин табигый үй-бүлөлөрү.
3.3. Химиялык элементтер мезгилдик жадыбалы.
3.4. Бышыктоо сабагы.
IV ГЛАВА. АБА. КҮЙҮҮ РЕАКЦИЯСЫ.
4.1. Аба жана анын курамы.
4.2. Абанын булганышына таасир көрсөтүүчү факторлор.
4.3. Кычкылтектин жалпы мүнөздөмөсү.
4.4. Кычкылтектин физикалык касиеттери, алынышы жана колдонулушу.
4.5. Кычкылтектин химиялык касиеттери.
4.6. Күйүү.
4.7. Иш жүзүндө машыгуу. Жалындын түзүлүшү жана заттардын кычкылтекте күйүшү.
4.8. Озон жана анын колдонулушу.
4.9. Кычкылтек менен озондун биологиялык мааниси.
4.10. Оксиддер.
4.11. Бышыктоо сабагы.
V ГЛАВА. СУУТЕК.
5.1. Суутек.
5.2. Иш жүзүндө машыгуу. Суутектин алынышы жана анын касиеттерин сыноо.
5.3. Суутектин касиеттери жана колдонулушу.
5.4. Кислоталар.
5.5. Иш жүзүндө машыгуу. Кислоталардын алынышы жана касиеттери.
5.6. Иш жүзүндө машыгуу. Кислоталардын металлдар менен өз ара таасири.
5.7. Кислоталуу жамгырлар.
5.8. Бышыктоо сабагы.
VI ГЛАВА. СУУ.
6.1. Суунун курамы.
6.2. Суунун агрегаттык абалдары жана табиятта айланышы.
6.3. Иш жүзүндө машыгуу. Суунун физикалык касиеттери.
6.4. Суунун химиялык касиеттери.
6.5. Иш жүзүндө машыгуу. Суунун оксиддер менен өз ара таасири.
6.6. Нейтралдаштыруу реакциялары.
6.7. Суунун булганышы жана аны тазалоонун усулдары.
6.8. Маселе чыгаруу.
6.9. Бышыктоо сабагы.
VII ГЛАВА. АДАМДЫН ОРГАНИЗМИНДЕГИ ХИМИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР ЖАНА БИРИКМЕЛЕР.
7.1. Тирүү организмдердеги химиялык элементтер жана алардын мааниси.
7.2. Белоктор. Майлар. Углеводдор.
7.3. Витаминдер.
7.4. Минералдардын адамдын жашоосундагы мааниси.
7.5. Иш жүзүндө машыгуу. Алманын курамын аныктоо.
VIII ГЛАВА. КЕН БАЙЛЫКТАРЫ.
8.1. Геологиялык химиялык бирикмелер.
8.2. Өзбекстандагы кен байлыктары жана кендер.
8.3. Кен байлыктарын өндүрүүдөгү экологиялык көз караштар.
8.4. Иш жүзүндө машыгуу. Экологиялык изди азайтуу.
Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Химия, 7 класс, Aскаров И., Гапиров К., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.
Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу
Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:
Теги: учебник на киргизском языке :: химия :: Aскаров :: Гапиров :: 7 класс
Смотрите также учебники, книги и учебные материалы:
Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:
- Химия, 7 сынып, Асқаров И., Гафуров К., 2022
- Ximiya, 7 klas, Asqarov I.R., Gafurov K., 2022
- Календарно-тематическое планирование, Химия, 11 класс, Колевич Т.А., Ильина Г.Н., 2021
- Kimyo, 7 sinf, Asqarov I., Gopirov K., Azamatova D., 2022