Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019

Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019.

Учебник по биологии для 9 класса на киргизском языке.

  Биология — жашоо жөнүндөгү илим, грекче эки: «биос» — жашоо, “логос” — окуу сөзүнүн кошулушунан келип чыккан. Биология термини 1802-жылда француз окумуштуусу Ж.Б.Ламарк жана немис аалымы Г.Р.Тревиранус тарабынан илимге киргизилген. Биология
жашоо, анын түрлөрү, түзүлүшү, өөрчүү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим болуп эсептелет. Биологиянын изилдөө объекти бул – вирустар, микроорганизмдер, козу карындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдар, алардын орган, ткань, клеткаларынын курамы, клеткаларда жүрүүчү жараяндар жана организмдин жеке жана тарыхый өнүгүүсү, жамаатташтары, алардын өз ара органикалык эмес жаратылыш менен байланышы эсептелет.

Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019


Тирүү организмдердин өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.
Тирүү организмдер ар түрдүүлүгүнө карабастан, алардын бардыгы клеткалык түзүлүшкө ээ, ошондой эле окшош химиялык элементтерден жана заттардан турат. Чоң сүт эмүүчү жаныбар кит да, майда чымын да клеткалардан түзүлгөн. Клетка тирүүлүктүн бардык касиеттерин өзүндө камтыган эң майда бөлүк болуп эсептелет.

Организм менен тышкы чөйрө ортосунда зат жана энергия алмашуусу жүрүп турат. Тирүү организмдердин маанилүү касиети болуп азык жана күндүн нурунан сырткы энергия булагы катары пайдалануусу болуп саналат. Энергия бир организмден экинчисине органикалык зат түрүндө берилет. Организмдеги зат алмашуунун негизин ассимиляция жана диссимиляция жараяндары түзөт. Кээ бир заттар организм тарабынан өздөштүрүлсө, башка заттар, тескерисинче, тышкы чөйрөгө чыгарылат. Зат алмашуу организмдеги клеткалардын кайрадан калыптанышын, өсүшүн жана иштешин камсыздайт.

MАЗМУНУ.
КИРИШҮҮ.
I БӨЛҮМ. ОРГАНИКАЛЫК ДҮЙНӨ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ.
I глава. ТИРИЧИЛИКТИН ЖАЛПЫ МЫЙЗАМ ЧЕНЕМДҮҮЛҮКТӨРҮ.
1-§. Тирүү организмдердин өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.
2-§. Тирүүлүктүн түзүлүш даражалары.
II глава. ОРГАНИЗМДЕРДИН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮ.
3-§. Тиричиликтин клеткасыз формалары.
4-§. Прокариот клеткалар.
5-§. Эукариоттор – өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү.
6-§. Козу карындар дүйнөсү.
7-§. Жаныбарлар дүйнөсү.
8-§. 1-лабораториялык иш. 1. Чөптүн таякча бактериясын микроскопто көрүү. 2. Көк-жашыл суу балырын микроскопто көрүү.
II БӨЛҮМ. КЛЕТКА ЖӨНҮНДӨГҮ ОКУУ.
III глава. ЦИТОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ.
9-§. Клетканы изилдөө тарыхы жана клетка теориясы.
10-§. Клетканы үйрөнүү усулдары.
11-§. Эукариот клеткалар.
12-§. Цитоплазма. Клетканын мембранасыз жана мембраналуу органоиддери: эндоплазмалык тор, рибосомалар, голжи аппараты.
13-§. Митохондрия, пластидалар, лизосомалар жана цитоплазманын башка органоиддери.
14-§. Ядро жана анын түзүлүшү.
15-§. Прокариот жана эукариот клеткалар.
16-§. Клеткалардын эволюциясы.
17-§. 2-лабораториялык иш. Өсүмдүк жана жаныбар клеткаларынын түзүлүшүн микроскопто үйрөнүү.
18-§. 3-лабораториялык иш. Өсүмдүк клеткасында плазмолиз жана деплазмолизди байкоо.
III БӨЛҮМ. ТИРИЧИЛИК ЖАРАЯНДАРЫНЫН ХИМИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ.
IV глава. ТИРИЧИЛИК ЖАРАЯНДАРЫНЫН ХИМИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ.
19-§. Клетканын химиялык курамы.
20-§. Клетканын курамына кирүүчү суу жана органикалык эмес заттар.
21-§. Биомолекулалар.
22-§. Углеводдор.
23-§. Липиддер.
24-§. Белоктор. Аминокислоталар.
25-§. Белоктун курамы. Белоктун түзүлүшү.
26-§. Белоктордун касиеттери. Жөнөкөй жана татаал белоктор.
27-§. Белоктордун функциясы.
28-§. Нуклеин кислоталар.
29-§. 4-лабораториялык иш. Амилазанын крахмалга таасири.
IV БӨЛҮМ. ЗАТ АЛМАШУУСУ — МЕТАБОЛИЗМ.
V глава. КЛЕТКАЛАРДА ЗАТТАР ЖАНА ЭНЕРГИЯ АЛМАШУУСУ.
30-§. Зат алмашуусу.
31-§. Энергия алмашуусу.
32-§. Энергия алмашуусунун баскычтары.
33-§. Клетканын азыктануусу.
34-§. Xeмoсинтез.
35-§. Клеткада пластикалык алмашуу.
36-§. Клеткада зат жана энергиялар алмашуусуна тиешелүү маселелерди чечүү.
37-§. 5-лабораториялык иш. Өсүмдүк жалбырагында органикалык заттардын пайда болушун үйрөнүү.
V БӨЛҮМ. ОРГАНИЗМДЕРДИН ЖЕКЕЧЕ ӨРЧҮШҮ — ОНТОГЕНЕЗ.
VI глава. ОРГАНИЗМДЕРДИН КӨБӨЙҮШҮ ЖАНА ЖЕКЕЧЕ ӨРЧҮШҮ.
38-§. Клетканын цикли.
39-§. Meйоз.
40-§. Тирүү организмдердин көбөйүү түрлөрү.
41-§. Жыныстык көбөйүү.
42-§. Уруктануу.
43-§. Эмбриондук өрчүү мезгили.
44-§. Постэмбриондук өрчүү.
45-§. Эмбриондун өрчүшүнө сырткы чөйрөнүн таасири.
46-§. Өрчүүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү. Биогенетикалык мыйзам. Эмбриондордун окшоштук мыйзамы.
VI БӨЛҮМ. ГЕНЕТИКА ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ.
VII глава. ГЕНЕТИКА НЕГИЗДЕРИ.
47-§. Генетиканын өнүгүү тарыхы.
48-§. Г.Менделдин мыйзамдары. Mоногибриддик аргындаштыруу.
49-§. 6-лабораториялык иш. Моногибриддик аргындаштырууга тиешелүү маселелерди чыгаруу.
50-§. Ди-полигибриддик аргындаштыруу. Менделдин үчүнчү мыйзамы.
51-§. 1-практикалык сабак. Дигибриддик аргындаштырууга тиешелүү маселелерди чыгаруу.
52-§. 7-лабораториялык иш. Гозо, помидор, түн чүрөгүнүн аргындаштыруу натыйжасын гербарийдин негизинде үйрөнүү.
53-§. Аллелдүү эмес гендердин өз ара аракети.
54-§. Гендердин полимердик жана көп жактуу таасири.
55-§. 2-практикалык сабак. Аллелдүү эмес гендердин өз ара таасирине тиешелүү маселелер чыгаруу.
56-§. Белгилердин бириккен түрдө тукум кубалашы.
57-§. Жыныстык генетика.
58-§. 3-практикалык сабак. Бириккен түрдө тукум кубалоо жана жыныс менен байланыштуу түрдө тукум кубалоого тиешелүү маселелер чыгаруу.
59-§. Өзгөргүчтүк.
60-§. 8-лабораториялык иш. Модификациялык өгөргүчтүктүн статистикалык мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүү.
61-§. Мутациялык (генотиптик) өзгөргүчтүк.
62-§. Адамдын генетикасын үйрөнүү усулдары.
63-§. Адамдагы тукум куучулук (гендик) оорулар.
VII БӨЛҮМ. СЕЛЕКЦИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ.
VIII глава. СЕЛЕКЦИЯ ЖАНА БИОТЕХНОЛОГИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ.
64-§. Маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгышы жана көп түрдүүлүк борборлору.
65-§. Өсүмдүктөр жана жаныбарлардын селекциясы.
66-§. Селекция жана биотехнология.
67-§. Өзбекстандык окумуштуулардын биология жана селекция тармагындагы ийгиликтери.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-19 03:55:45