Биология, 7 класс, Сапаров К., Азимов И., Умаралиева М., 2022

Биология, 7 класс, Сапаров К., Азимов И., Умаралиева М., 2022.

Книги по биологии для 7 класса на киргизском языке.

   Силер 1–6-классстарда окуу мезгилинде “Табыгый илимдер” сабактарында табият жөнүндөгү көптөгөн түшүнүк жана термин, мыйзамдуулуктар менен тааныштыӊар. Бул жылы силер жаӊы предмет – биологияны үйрөнүүнү баштайсыӊар. “Табыгый илимдер” сабактарында алган билимиӊерди эми силер үчүн жаӊы предмет – биология аркылуу тереӊирээк үйрөнөсүӊөр. Колуӊардагы окуу китеби силерге жаӊы билимдерди өздөштүрүүдө жардам берет. Биология тирүү организмдердин түзүлүшү жана жашоо шарты, ар түрдүүлүгү, тарыхый жана индивидуал өнүгүүнүн мыйзам-ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле, адамдардын жандуу жаратылышка тийгизген таасирин үйрөнөт.
Бул окуу китебинин жардамы менен силер биология сабактарында жана өз алдынча бактериялар, протисттер, козу карындар жана өсүмдүктөр, айбанаттардын түзүлүшү жана тиричилик функциялары, алардын көбөйүшү жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү, тирүү организм түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү, алардын табият жана адам турмушундагы мааниси жөнүндөгү билимдерге ээ болосуӊар.

Биология, 7 класс, Сапаров К., Азимов И., Умаралиева М., 2022


БИОЛОГИЯ – ЖАШОО ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМ.
КЕЛГИЛЕ, КӨЙГӨЙДҮ АНЫКТАЙБЫЗ. Илим эмне?
Бардык билимдерди илимий десе болобу?

ЖАӉЫ БИЛИМДЕРДИ АЧАБЫЗ Тирүү организмдер табияттын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Планетабызда тирүү организмдер абдан көп түрдүү. Булар бактерия, протиста, козу карын, өсүмдүк жана жаныбарлар (1.1-сүрөт).
Жердин тирүү организмдер жашай турган катмары биосфера (грекче bios – “жашоо” жана sfera–“шар”) деп аталат. Биосферага атмосферанын төмөнкү катмарлары, гидросфера, литосферанын жогорку катмары кирет. Биосферанын жогорку чеги азон экраны менен белгиленген. Ал күндүн тирүү организмдер үчүн кооптуу болгон ультрафиолет нурларын кайтарат.

МАЗМУНУ.
I БӨЛҮМ. TИРҮҮ ОРГАНИЗМДЕРДИН АР ТҮРДҮҮЛҮГҮ.
1.1. Биология – жашоо жөнүндөгү илим.
1.2. Tирүү организмдердин ар түрдүүлугү.
1.3. Бактериялар. Протоктисталар. Козу карындар.
1.4. Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү. Споралуу өсүмдүктөр.
1.5. Уруктуу өсүмдүктөр.
1.6. Омурткасыз жаныбарлардын ар түрдүүлүгү.
1.7. Омурткалуу жаныбарлардын ар түрдүүлүгү. Балыктар, амфибиялар жана рептилиялар.
1.8. Канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр.
1.9. Практикалык машыгуу. Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн систематикалык бөлүмдөрүн үйрөнүү.
II БӨЛҮМ. TИРҮҮЛҮКТҮН МАЛЕКУЛА ЖАНА КЛЕТКА ДАРАЖАСЫ.
2.1. Клетка – тирүү организмдердин түзүлүү бирдиги.
2.2. Ткандар.
2.3. Лабораториялык иш.
1. Чоӊойтуп көрсөтүүчү приборлор.
2. Өсүмдүк ткандарынан убактылуу препарат даярдоо.
III БӨЛҮМ. ОРГАН ЖАНА ОРГАНДАР СИСТЕМАСЫ.
3.1. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн вегетатив органдары. Тамыр.
3.2. Өркүн.
3.3. Практикалык машыгуу. Вегетативдик органдар метаморфозунду үйрөнүү.
3.4. Өсүмдүктөрдүн генеративдик органдары. Гүл.
3.5. Мөмө.
3.6. Адам жана жаныбарлардын органдары, органдар системасы.
IV БӨЛҮМ. КОРДИНАЦИЯ ЖАНА ӨЗҮН-ӨЗҮ БАШКАРУУ.
4.1. Тирүү организмдердин өзүн-өзү башкаруусу.
4.2. Практикалык машыгуу. Рефлектор догосун моделдештирүү.
4.3. Нерв системасы.
4.4. Лабораториялык иш. Сөөлжандын рефлекисин күзөтүү (байкоо).
V БӨЛҮМ. АЗЫКТАНУУ.
5.1. Организмдердин азыктануусу.
5.2. Долбоордук иш. Минералдык жер семирткичтердин өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасирин үйрөнүү.
5.3. Лаборатория иши. Жалбыракта органикалык заттардын пайда болушу.
5.4. Жаныбарлардын азыктануусу.
5.5. Адамдын тамак сиӊирүү системасы.
5.6. Практикалык машыгуу. Тамак сиӊирүү системасын моделдештирүү.
VI БӨЛҮМ. ДЕМ АЛУУ.
6.1. Дем алуу жолдору. Өсүмдүктөрдүн дем алышы.
6.2. Адам жана жаныбарлардын дем алышы.
6.3. Лабораториялык иш. Өсүмдүктөрдүн дем алышын үйрөнүү.
6.4. Практикалык машыгуу. Фотосинтез жана дем алуу процестерин салыштыруу.
VII БӨЛҮМ. ТИРҮҮ ОРГАНИЗМДЕРДЕ ЗАТТАРДЫН ТРАНСПОРТУ.
7.1. Өсүмдүктөрдө заттардын транспорту.
7.2. Лабораториялык иш. Өсүмдүктөрдө заттардын транспортун үйрөнүү.
7.3. Лабораториялык иш. Жалбырактарда сууну буулануусун үйрөнүү.
7.4. Омурткасыздардын кан айлануу системасы.
7.5. Практикалык машыгуу. Омурткасыз жаныбарлардын кан айлануу системасын моделдештирүү жана салыштыруу.
7.6. Омурткалуулардын кан айлануу системасы.
7.7. Практикалык иш. Омурткалуулардын кан айлануу системасын моделдештирүү жана салыштыруу.
VIII БӨЛҮМ. БӨЛҮП ЧЫГАРУУ (экскреция).
8.1. Бөлүп чыгаруу.
8.2. Адам жана жаныбарларда бөлүп чыгаруу.
8.3. Практикалык машыгуу. Адамдын бөлүп чыгаруу органдарын моделдештирүү.
IX БӨЛҮМ. КЫЙМЫЛ.
9.1. Тирүү организмдердин кыймылы.
9.2. Долбоордук иш. Өсүмдүктөрдөгү фототропизм, фотонастия, геотропизм кубулуштарын күзөтү.
9.3. Омурткасыздардын кыймыл органдары.
9.4. Лабораториялык иш. Туфелька инфузориясынын кыймылын күзөтүү.
9.5. Омурткалуулардын таяныч-кыймылдаткыч органдары.
9.6. Практикалык иш. Омурткалуу жаныбарлардын таяныч-кыймылдаткыч системасын моделдештирүү.
X БӨЛҮМ. РЕПРОДУКЦИЯ, ӨСҮҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ.
10.1. Организмдердин көбөйүшү.
10.2. Долбоордук иш. Өсүмдүктөрдүн вегетативдик көбөйүшүн изилдөө.
10.3. Өсүмдүктөрдүн жеке өнүгүүсү.
10.4. Практикалы машыгуу. Уруктуу өсүмдүктөрдүн жашоо циклин үйрөнүү.
10.5. Жаныбарлардын көбөйүшү.
10.6. Жаныбарлардын жеке өнүгүүсү.
10.7. Практикалык машыгуу. Жаныбарлардын туура жана туура эмес өнүгүшүн салыштырма анализдин негизинде изилдөө.
XI БӨЛҮМ. TҮР, ПОПУЛАЦИЯ, ЭКОСИСТЕМА, БИОСФЕРА.
11.1. Tүр, популация.
11.2. Практикалык машыгуу. Тирүү организмдердин тышкы чөйрөөгө ылайыкташуусун үйрөнүү.
11.3. Экосистемалар. Биосфера.
11.4. Практикалык машыгуу. Азык чынжыры жана азык торчосун түзүү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Биология, 7 класс, Сапаров К., Азимов И., Умаралиева М., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-12-21 17:00:53