Учебник по истории для 7 класса на киргизском языке.
Ардактуу окуучу, Сен 6-класста миңдеген жылдарга созулган дүйнө жана Өзбекстан элдеринин байыркы тарыхын окуп үйрөндүң. Адамзат тарыхын доорлоштуруу принцибине карай, Батыш Рим империясынын кулашы менен дүйнө тарыхында жаңы доор башталган. Ал V кылымдын аягынан XV кылымдын аягына чейин созулган. Анда жерге ээлик кылуучу коомдун кандай пайда болгону, кандайча өнүккөнү, элдердин жашоо мүнөзү, эмгек мамилелери, боштондук үчүн алып барылган күрөштөр менен бирге баскынчылык жана талоончулук жортуулдары жөнүндө да баяндалат.








