Учебник по киргизскому языку для 10 класса на киргизском языке.
Сунушталып жаткан методикалык колдонмо азыркы кыргыз тилинин 10-классынын окуу китебинин негизинде жазылды. Методикалык колдонмо мугалимдерге мүмкүн болушунча усулдук жардам берип, сабактын натыйжалуулугун жогорулатууга, аны талапка ылайык туура уюштурууга өбөлгө түзөт. Кийинки мезгилдерде билим берүүдө бир топ өзгөрүүлөр болду. Ал окутуу процессиндеги негизги элементтердин бири болгон сабактын максаттарын туура коюу болуп саналат. Сабактын максатын даана койбой туруп, анда аткарылуучу иш-аракеттерди туура жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Сабактын максаты – бул сабак учурунда мугалим менен окуучунун биргелешкен ишинин негизинде окуучу ээ болуучу болжолдуу натыйжа.








