Физика, 8 класс, Хабибуллаев П., 2019

Физика, 8 класс, Хабибуллаев П., 2019.

Учебник по физике для 8 класса на киргизском языке.
 
   Күндөлүк турмушту электр энергиясысыз элестетүүгө болбойт. Алсак, үйүбүздөгү лампочка, телевизор, муздаткыч, радио, үтүк, электр чайнек, компьютер сыяктуу шаймандарыбыздын бардыгы электр энергиясы эсебинен иштейт.
Түрдүү завод жана фабрикалар, өндүрүштүк ишканалар жана мекеме-лерде да электр энергиясынан пайдаланылат. Ошентип, электр энергиясы жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Жалпысынан алганда, электрдин ачылышы жана андан пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү чексиз өнүгүүгө себепчи болду. Турмушубузда дагы да кененчилик болушу үчүн электротехника, радиотехника, электроника, автоматика, маалымат техно-логиясы, нанотехнологиялар сыяктуу тармактарда окумуштуулар, инженерлер жана башка тармактын адистери тынымсыз изилденип жатышат. Окумуштуулар жана инженерлер тарабынан жасалган жаңы ачылыштардын натыйжасында бул тармактар дагы да өркүндөөдө. Ошондуктан, электр жөнүндо маалыматтарга ээ болуу үчүн сен физика сабактарында электр кубулуштары, электр жана магнит талаасы, электр тогу, электр-магнит кубулуштарды үйронөсүң жана электр энергияны өндүрүү жана берүү, жонөкөй электр аспап жана курулмалардын иштоо принциби менен таанышасың.

Физика, 8 класс, Хабибуллаев П., 2019


Атомдун түзүлүшү.
Грек окумуштуулары табияттагы бардык телолор атомдордон түзүлгөн деп эсептешкен. «Атом» сөзүн илимге грек ойчулу Демокрит (б. з. ч. 460-370-ж.) киргизген. Бул сөз «бөлүнбөс» деген маанини билдирет. XX кылым-га келип окумуштуулар атомдун да бөлүнүшү мүмкүндүгүн жана ал татаал түзүлүшкө ээ экендигин аныкташты. 1911-жылы англис физиги Эрнест Резерфорд тажрыйбанын негизинде атом түзүлүшүнүн моделин ачты.

Атомдогу электрондордун саны протондордун санына барабар болот. Мисалы, суутек (Н) атомунун ядросу 1 гана протондон турган болуп, ядронун айланасында да 1 гана электрон аракеттенет (8-а сүрөт). Гелий (Не) дин атомунда 2 протон, 2 электрон жана 2 нейтрон бар (8-6 сүрөт). Көмүртектин атому болсо 6 протон, 6 электрон жана 6 нейтрондон түзүлгөн (8-в сүрөт). Химиялык элементтин атомунда протон жана электрондордун саны барабар болсо, алар электрдик жактан нейтралдуу болот.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
I ГЛАВА. ЭЛЕКТР ЗАРЯДЫ. ЭЛЕКТР ТАЛААСЫ.
1-§. Телолордун заряддалышы.
2-§. Электр заряды.
3-§. Заряддардын өз ара таасири. Кулон мыйзамы.
4-§. Маселелер чыгаруу.
5-§. Электр талаасы.
6-§. Өткөргүчтөрдө электр заряддарынын бөлүштүрүлүшү.
7-§. Маселелер чыгаруу.
8-§. Табияттагы электр кубулуштары.
I главаны кайталоо үчүн тест тапшырмалары.
I глава боюнча маанилүү корутундулар.
II ГЛАВА. ЭЛЕКТР ТОГУ.
9-§. Электр тогу жөнүндө түшүнүк.
10-§. Токтун булактары.
11-§. Электр чыңалуусу жана аны ченөө.
12-§. Ток күчү жана аны ченөө.
13-§. Маселелер чыгаруу.
14-§. Лабораториялык иш. Электр чынжырын жыйноо, анын түрдүү бөлүктөрүндөгү ток күчүн жана чыңалууну өлчөө.
15-§. Электр каршылыгы.
16-§. Резисторлор. Реостаттар. Потенциометрлер.
17-§. Чынжырдын бир бөлүгү үчүн Ом мыйзамы.
18-§. Маселелер чыгаруу.
19-§. Лабораториялык иш. Ом мыйзамын үйрөнүү.
20-§. Практикалык машыгуу. Реостат жардамында ток күчүн жөнгө салуу.
21-§. Керектөөчүлөрдү удаалаш туташтыруу.
22-§. Керектөөчүлөрдү параллель туташтыруу.
23-§. Практикалык машыгуу. Ток булактарын туташтыруу.
24-§. Лабораториялык иш. Өткөргүчтөрдү удаалаш жана параллель туташтыруу ну үйрөнүү.
25-§. Керектөөчүлөрдү аралаш туташтыруу (Өз алдынча окуу үчүн).
26-§. Маселелер чыгаруу.
27-§. Электр сыйымдуулугу. Конденсаторлор.
28-§. Конденсаторлорду параллель жана удаалаш туташтыруу.
29-§. Маселелер чыгаруу.
II главаны кайталоо үчүн тест тапшырмалары.
II глава боюнча маанилүү корутундулар.
III ГЛАВА. ЭЛЕКТР ТОГУНУН ЖУМУШУ ЖАНА КУБАТТУУЛУГУ.
30-§. Электр тогунун жумушу.
31-§. Электр тогунун кубаттуулугу.
32-§. Маселелер чыгаруу.
33-§. Лабораториялык иш. Керектөөчүнүн (лампочканын) электр кубаттуулугун аныктоо.
34-§. Электр тогунун таасиринде өткөргүчтөрдүн ысышы.
35-§. Маселелер чыгаруу.
36-§. Жоуль-Ленц мыйзамынын колдонулушу.
37-§. Үйлөрдөгү электр чынжырлар жана туташтыруулар.
38-§. Электр коопсуздук чаралары.
39-§. Маселелер чыгаруу.
III главаны кайталоо үчүн тест тапшырмалары.
III глава боюнча маанилүү корутундулар.
IV ГЛАВА. ТҮРДҮҮ ЧӨЙРӨЛӨРДӨ ЭЛЕКТР ТОГУ.
40-§. Металлдарда электр тогу.
41-§. Суюктуктарда электр тогу.
42-§. Электролиз. Фарадейдин биринчи мыйзамы.
43-§. Фарадейдин экинчи мыйзамы.
44-§. Маселелер чыгаруу.
45-§. Электролизден турмушта жана техникада пайдалануу.
46-§. Вакуумда электр тогу.
47-§. Газдарда электр тогу.
48-§. Электр разряддардын түрлөрү жана алардан пайдалануу.
IV главаны кайталоо үчүн тест тапшырмалары.
IV глава боюнча маанилүү корутундулар.
V ГЛАВА. МАГНИТ ТАЛААСЫ.
49-§. Магнит талаасы. Туруктуу магнит жана анын уюлдары.
50-§. Магнит талаасын мүнөздөгөн параметрлер.
51-§. Жердин магнит талаасы.
52-§. Токтун магнит талаасы.
53-§. Магнит талаасынын токтуу өткөргүчкө таасири.
54-§. Маселелер чыгаруу.
55-§. Бир тектүү магнит талаасында токтуу рамканын айланма кыймылы.
56-§. Магнит талаасында заряддуу бөлүкчөнүн кыймылы.
57-§. Электр-магниттер. Электр-магниттик реле.
58-§. Лабораториялык иш. Эң жөнөкөй электр-магнитти чогултуу жана анын иштешин үйрөнүү.
59-§. Туруктуу токтун электр кыймылдаткычы.
60-§. Маселелер чыгаруу.
V главаны кайталоо үчүн тест тапшырмалары.
V глава боюнча маанилүү корутундулар.
Көнүгүүлөрдүн жооптору.
Главаларды кайталоо үчүн тест тапшырмаларынын жооптору.
Пайдаланылган адабияттар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Физика, 8 класс, Хабибуллаев П., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-18 04:18:18