учебник на киргизском языке

Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019

Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019.

Учебник по истории для 9 класса на киргизском языке.

   Сен ушул окуу китеби менен таанышуу жараянында жакынкы өтмүшүбүздөгү түрдүү тарыхый окуялардын баяндамаларына туш келесиң. Бул окуяларга терең баа берүү аябай оңой иш эмес. Эгемендүү мамлекетчилигибиздин мазмунун толук түшүнүп жетүү үчүн колонизатордук шарттарда ушул аймакта жашаган элдердин башынан өткөндөрдү, зордук-зомбулук, түрдүү зулумдарга карабай, өзүнүн ишенимин, руханиятын жана изги жолдогу тырышчаактыгын сактап калгандыгы жөнүндөгү тарыхый чындыкты билүү чоң мааниге ээ.

Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019
Скачать и читать Өзбекстан тарыхы, 9 класс, Тиллабоев С., Замонов А., 2019
 

Конституциялык укуктун негиздери, 9 класс, Taнсыкбаевa Г.M., Koстецкий В.A., 2019

Конституциялык укуктун негиздери, 9 класс, Taнсыкбаевa Г.M., Koстецкий В.A., 2019.

Учебник по праву для 9 класса на киргизском языке.

  Колуңдагы китеп татаал, көп кырдуу жана кызыктуу укуктар дүйнөсү жөнүндө маалымат берет. Өзбекстан Республикасында көз карандысыздыктын жарыяланышы жана эгемендүү мамлекет курулушунун укуктук негиздери мамлекет менен жеке адам ортосундагы мамилелерди белгилеген мыйзамдуулуктун фундаментин калыптандыруудан башталат. Ошондуктан мыйзамдарга баш ийүү жарандар тарабынан аң-сезимдүү түрдө аткарылууга тийиш.

Конституциялык укуктун негиздери, 9 класс, Taнсыкбаевa Г.M., Koстецкий В.A., 2019
Скачать и читать Конституциялык укуктун негиздери, 9 класс, Taнсыкбаевa Г.M., Koстецкий В.A., 2019
 

Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019

Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019.

Учебник по биологии для 9 класса на киргизском языке.

  Биология — жашоо жөнүндөгү илим, грекче эки: «биос» — жашоо, “логос” — окуу сөзүнүн кошулушунан келип чыккан. Биология термини 1802-жылда француз окумуштуусу Ж.Б.Ламарк жана немис аалымы Г.Р.Тревиранус тарабынан илимге киргизилген. Биология
жашоо, анын түрлөрү, түзүлүшү, өөрчүү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим болуп эсептелет. Биологиянын изилдөө объекти бул – вирустар, микроорганизмдер, козу карындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдар, алардын орган, ткань, клеткаларынын курамы, клеткаларда жүрүүчү жараяндар жана организмдин жеке жана тарыхый өнүгүүсү, жамаатташтары, алардын өз ара органикалык эмес жаратылыш менен байланышы эсептелет.

Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019
Скачать и читать Биология, 9 класс, Зикиряев A., Тохтаев A., Азимов И., Сонин Н., 2019
 

Геометрия, 9 класс, Хайдаров Б., Сариков Э., Кочкоров А., 2019

Геометрия, 9 класс, Хайдаров Б., Сариков Э., Кочкоров А., 2019.

Учебник по геометрии для 9 класса на киргизском языке.

  9-класста геометриянын планиметрия бөлүмүн- тегиздиктеги геометриялык фигуралардын касиеттерин үйрөнүү улантылат. Ал жерден сен геометриялык алмаштыруулар, геометриялык фигуралардын окшоштугу, үч бурчтуктардын жактары менен бурчтары ортосундагы катыштар, айлананын узундугу жана тегеректин аянты, үч бурчтуктардагы жана айланадагы метрикалык катыштар менен таанышасын.
Бул окуу китебинин мазмуну туруктуу аксиомалык системанын негизине курулган. Бул жерде теориялык материалдар мүмкүнчүлүгүнүн барынча жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде баяндалган. Бардык темалар менен түшүнүктөрдү түркүн-түмөн турмуштук мисалдар аркылуу ачып берилген. Ар бир темадан кийин берилген суроолор, далилдөөгө, эсептөөгө жана түзүүгө тиешелүү көптөгөн маселелер менен мисалдар окуучуларды чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө үндөйт, ага алган билимдерин тереңдетүүдө жана бекемдөөдө жардам берет. Окуу китеби өзүнүн өзгөчө дизайны жана сабак материалдарынын көргөзмөлүү түрдө берилиши менен да өзгөчөлөнүп турат. Анда берилген сүрөттөр менен чиймелер сабактын материалын мыкты өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.

Геометрия, 9 класс, Хайдаров Б., Сариков Э., Кочкоров А., 2019
Скачать и читать Геометрия, 9 класс, Хайдаров Б., Сариков Э., Кочкоров А., 2019
 

Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019

Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019.

Учебник по праву для 8 класса на киргизском языке.

Фрагмент из книги:
Журтубузда соңку жылдарда мындай өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп жатат, бул өзгөрүүлөр тездигинен, көлөмүнөн, таң каларлыгынан акыл шашат. Аз мөөнөттө курулуп жаткан курулуштар, ишке түшүрүлүп жаткан завод-фабрикалар, пайдаланууга берилип жаткан билим берүү, ден соолукту сактоо жайлары, лагерлер, спорт, искусство, маданият жайларынын баары эл үчүн, силер менен биз үчүн курулуп жатат.
Соңку жылдарда, эгемендүүлүккө жетишкен доорубуз кийинки доордо алгач эгемендүүлүктүн чыныгы маанисин билдирүүчү идеяинсан кызыкчылыктарын мамлекетибиздин иш-аракетинин борборуна алып чыгуу идеясы алга сүрүлдү.

Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019
Скачать и читать Өзбекистан мамлекети жана укугунун негиздери, 8 класс, Каримова О., Исматова Н., Сариков Ш., Омонова О., 2019
 

Дүйнө тарыхы, 8 класс, Фармонов P., 2019

Дүйнө тарыхы, 8 класс, Фармонов P., 2019.

Учебник по истории для 8 класса на киргизском языке.

   Сен VIII класста адамзаттын өнүгүүсүнүн кийинки баскычы — Жаңы тарых окуялары менен таанышууну баштайсың. Жаңы тарых адамдардын табигый тендиги, жеке адамдын эркиндиги жана аброю сыяктуу демократиялык түшүнүктөргө негизделген жаңыча көз караштын калыптанышы менен Орто кылымдардан айырмаданат. Жаны доордун эн мүнөздүү жактарынан бири дүйнөнү жаныча түшүнүүнүн негизинде адамдын демилгелүүлүгү, ишкерлиги үчүн кен мүмкүнчүлүктөр ачылышында көрүндү.

Дүйнө тарыхы, 8 класс, Фармонов P., 2019
Скачать и читать Дүйнө тарыхы, 8 класс, Фармонов P., 2019
 

Экономикалык билимдын негиздери, 8 класс, Сариков Э., Хайдаров Б., 2019

Экономикалык билимдын негиздери, 8 класс, Сариков Э., Хайдаров Б., 2019.

Учебник по экономике для 8 класса на киргизском языке.

Фрагмент из книги:
Экономика коомдук турмуш тармактарынан эң өзгөргүчү болуп саналат. Экономиканын эң негизги курамдык бөлүгүн адамдар түзөт. Адам өзүнүн эмгеги, аңсезими менен экономиканы кыймылга келтирет, башкарат. Экономиканын экинчи курамдык бөлүгү — бул табият. Табият – экономиканын чийки зат кампасы. Экономиканын үчүнчү бөлүгү — имараттар жана үйлөр, завод-фабрикалар, жол менен көпүрөлөр, станоктор, машинаеханизмдер жана башка бир топ адам баласынын колу менен жасалган нерселерден турган жас алма чөйрө.

Экономикалык билимдын негиздери, 8 класс, Сариков Э., Хайдаров Б., 2019
Скачать и читать Экономикалык билимдын негиздери, 8 класс, Сариков Э., Хайдаров Б., 2019
 

Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019

Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019.

Учебник по химии для 8 класса на киргизском языке.

   Илим жана техника тез өнүгүп жаткан бүгүнкү күндө химия предметинин сырларын илимдин негизинде үйрөнүү бир гана химия эмес, о.э. башка биология, физика, математика, география, геология, астрономия сыяктуу предметтерди үйрөнүүдө да негизги мааниге ээ. Жаңы технологиялык жараяндарга тийиштүү билимдерге ээ болуу да химиялык билимге негиз болуп кызмат кылышы анык. “Заман тез темптер менен өнүгүп жаткан азыркы мезгилде ким жеңет? Жаңы ой, жаңы идеяга, инновацияга таянган мамлекет гана жеңет”.
Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында 8-класста химия предметин окутууда үйрөнүлүшү керек болгон Мезгилдик мыйзам, хими ялык элемент тердин мезгилдик системасы, химиялык байланыштардын түрлөрү, азот, күкүрт, галогендик элементтердин тобу о.э. минералдык жер семирткичтер сыяктуу темалар удаалаштыгы заманбап илимий түшүнүктөрдүн негизинде жаңы ыкмаларда чагылдырылды.

Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019
Скачать и читать Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019
 
Показана страница 13 из 25