Учебник по технологии для 6 класса на киргизском языке.
Колуңдагы 6-класс “Эмгекке окутуу” (Технология) окуу китеби Сенин адамдардын турмушунда маанилүү орунга ээ болгон практикалык эмгек ишмердүүлүгүнө даярдык көрүүңдө өзгөчө орун тутат. Эрезеге жетип, кайсы кесипти ээлебегин, ким болсоң да, эмгекке окутуудан алган билим жана көнүккөндүктөрүң Сага үйдө, үй-бүлөдө, иште сөзсүз пайда келтирет.
Эмгекке окутуу жараянында материал таануучулук, жабдыктар, шаймандар жана алардан пайдаланууга тиешелүү билимдерди өздөштүрөсүң. Продукция өндүрүү жана үй-тиричилик буюмдарын оңдоого тиешелүү көнүккөндүк жана тажрыйбаларга ээ болосуң.








