Сүрөт өнөрү, 6 класс, Муратов Х., Мирхакимова Д., Абдуллаев К., 2022

Сүрөт өнөрү, 6 класс, Муратов Х., Мирхакимова Д., Абдуллаев К., 2022.

Учебник по изобразительному искусству для 6 класса на киргизском языке.

   Ардактуу окуучу! “Сүрөт өнөрү” 6-класс китеби менен сен сүрөт өнөрүнүн дагы да кызыктуу жана заманбап жактарын өзүң үчүн ачасың. Заманбап сүрөт өнөрүнүн түркүн-түстүү жана сыйкырдуу ааламы сага өзүнүн сырларын ачып берет.
Китептин жардамында “Флуид-арт", “Поп-арт", 3D, “Doodling” жана “Zentangle” сыяктуу сүрөт тартуунун жаңыча усулдары, кинетикалык айкел жасоо техникасы, компьютер графикасында сүрөт тартуу темалары боюнча билим, көндүм жана тажрыйбага ээ болосуң.
Бул китеп сенин көркөм эстетикалык табитиңди калыптандырат, чыгармачыл туюмуңду өнүктүрөт, сени жаңыча идеяларды жаратууга үйрөтөт, жана өнөр-кесип ээлөөгө багыттайт.
“Сүрөт өнөрү” китебин мыкты өздөштүрүүңдө жана өз алдынча чыгармачылык жолуңда сага ийгиликтер каалайбыз!

Сүрөт өнөрү, 6 класс, Муратов Х., Мирхакимова Д., Абдуллаев К., 2022


КҮЗ ПЕЙЗАЖЫН ТАРТУУ.
Пейзаж (peyzaj) — сүрөт өнөрүндө табият көрүнүшүн чагылдыруучу жанр. Пейзажда шаардын көрүнүшү же архитектуралык комплекстер (архитектуралык пейзаж), деңиздин көрүнүшү (марина) жана ушул сыяктуулар сүрөттөлөт. Пейзажды түрдүү агым, багыт жана стилдерде тартуу мүмкүн. Мисалы, реализм, ипрессионизм, абстраксионизм ж.б.

Күз темасы пейзажчы сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгында көп кездешет. Күз мезгилиндеги түстөрдүн көптүгү сүрөтчүнү магниттей өзүнө тартат. Көптөгөн чет элдик жана жергиликтүү уста-сүрөтчүлөрүбүздүн күз темасында жараткан сүрөттөрү композициялык анализдөө, түс жана техника жагынан мыкты үйрөнүлүшү зарыл. Бул жараян биздин күз темасында тартуучу сүрөтүбүздүн жандуу жана толук чыгуусунда негиз болуп кызмат кылат.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
I ЧЕЙРЕК.
1-тема. “Жайкы таасирлерим” темасында композиция тартуу.
2-3 тема. Күз пейзажын тартуу.
4-5 тема. Майда пластикада улуттук образдардын айкелин жасоо.
6-тема. Мифологиялык темада сүрөт тартуу.
7-тема. Күз темасында чыгармачыл натюрморт тартуу.
8-тема. 1-текшерүү иш. Күз темасында чыгармачыл натюрмортту түстө боёо.
9-тема. Флуид арт стилинде абстракттуу композиция жаратуу.
II ЧЕЙРЕК.
10-тема. Кыймылдагы адамдын сүрөтүн тартуу.
11-тема. Силует темасында сүрөт тартуу.
12-тема. Көркөм чыгармага иллюстрация тартуу.
13-тема. 2-текшерүү иш. Силует темасында сүрөт тартуу.
14-тема. Өз алдынча темада комикс тартуу.
15–16-тема. Чыгыш миниатюра өнөрү.
III ЧЕЙРЕК.
17-тема. Цирк темасында композиция тартуу (өз алдынча стилде).
18-тема. Поп-арт стилинде жаныбарлардын сүрөтүн тартуу.
19-тема. Абстракттуу композициялуу макет жасоо.
20-тема. 3D стилинде сүрөт тартуу.
21-тема. “Zentangle” жана “Doodling” усулунда сүрөт тартуу.
22-тема. Мозаика стилинде сүрөт тартуу.
23-тема. Түрдүү материалдардан фантастикалык образдар жасоо.
24-тема. Түрдүү материалдар жана техникалардан пайдаланып кинетикалык айкел жасоо.
25-тема. 3-текшерүү иш. Doodling усулунда сүрөт тартуу.
26-тема. Түрдүү материалдардан пайдаланып стилизация стилинде айкел жасоо.
IV ЧЕЙРЕК.
27-тема. Иш-чара үчүн эмблема жаратуу.
28-тема. Плакат графикасы.
29-тема. Космос темасындагы абстракттуу композицияны компьютер графикасында чийүү жана боёо.
30-тема. Кыялдагы модерн автомобилинин сүрөтүн тартуу.
31–32-тема. Пленер (ачык абада иштөө).
33-тема. 4-текшерүү иш. “Менин ойлоп табуум” темасында элестетүүнүн негизинде сүрөт тартуу.
34-тема. Чыгармачыл көргөзмө.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Сүрөт өнөрү, 6 класс, Муратов Х., Мирхакимова Д., Абдуллаев К., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-11-21 11:34:26