Сүрөт өнөрү, 5 класс, Козиев Т., 2015

Сүрөт өнөрү, 5 класс, Козиев Т., 2015.

Учебник по изобразительному искусству для 5 класса на киргизском языке.

   Сүрөт өнөрүнүн чагылдыруучу каражаттары жана чагылдыруучу тилин түшүнүү жана андан сүрөттүү чагылдыруу ишинде орундуу пайдалануу маанилүү мааниге ээ.
Сүрөт өнөрүнүн чагылдыруучу тили катары: композиция, сызык, так, түс, форма, мейкиндик, фактура түшүнүктөрү; белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынын талдоосу ээлейт жана алар: живопись, графика, скульптура, искусство таануунун негизги бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Сүрөт өнөрүнүн чагылдыруучу каражаттары катары живописте: түс, сүртмө, чийме, түстүн тактары, түстүү жана жарык контрасттар; графикада болсо, сызык, штрих, контур, түс, ак-кара тактардан пайдаланылат. Табиятта ар бир буюм жана нерселер өз түсүнө ээ. Бул түстөрдө жарык-көлөкөлөр өтө чоң орунду ээлейт.

Сүрөт өнөрү, 5 класс, Козиев Т., 2015


Графикада чагылдыруу каражаттары.
Сүрөт өнөрүнүн графика түрүнүн да өзүнө мүнөздүү чагылдыруучу каражаттары бар. Мында, сүрөттөө сызыктардан (штрих) туура жана орундуу пайдаланууну талап кылат. Алар өз формаларына жараша түз, кыйшык, жаа сымал, толкун сымал, аралаш болот.

Алар сүрөттөлүп жаткан буюмдардын формасы, конструкциялык түзүлүшүнө карата колдонулат. Мисалы, шардын жарык-көлөкө бөлүгүн штирхтөө каражаттарында, анын көлөмүн сүрөттөөдө жаа сымал сызыктардан (штрих) пайдалануу сунуш кылынат, башкача айтканда сүрөттүн формасы, көлөмү жана образдын өзгөчөлүгүн ачып бериши үчүн штрихтин түрлөрү түрдүү жайда түрдүүчө колдонулат.

МАЗМУНУ.
I ЧЕЙРЕК.
1-сабак. Сүрөт өнөрүнүн чагылдыруучу каражаттары жөнүндө маек (репродукцияларды талдоо негизинде).
2,3-сабактар. Калемде түрдүү сызыктардын (штрих) жардамында сүрөттүү образдарды жаратуу.
4-сабак. Ак жана кара түстөрдөн графикалык сүрөт тартуу.
5-сабак. Тынч, ойлуу абалдарды чагылдыруучу пейзажды сүрөттөө.
6-сабак. Көлөм-айкелчиликтин негизи. Адам айкелин жасоо.
7-сабак. Айлуу түндөгү же Күндүн батыш чагындагы даракты сүрөттөө.
8,9-сабактар. Живопистин өзгөчөлүктөрү.
II ЧЕЙРЕК.
10-сабак. Живопись жана графикада пейзаж. Пейзаж жанрындагы чыгармаларды талдоо жана чыгармачылык иш.
11-сабак. Табияттын образдуу пейзажын иштөө.
12-сабак. Чыгыш шаары сүрөтүнүн эскизин иштөө.
13-сабак. Сүрөт өнөрүндө анимаклистик жанр. Маек жана практикалык иш.
14-сабак. «Мен сүйгөн жаныбар» темасында сүрөт тартуу.
15-сабак. «Кыш пейзажы» темасына сүрөт тартуу.
16-сабак. «Жаңы жыл» темасына дубал газета иштөө. Контролдук иш.
III ЧЕЙРЕК.
17-сабак. Живописте натюрморт. Натюрморт жанрында жаратылган чыгармаларды көркөм өздөштүрүү.
18, 19-сабактар. Улуттук идиштерден түзүлгөн темалуу натюрмортту (2–3 буюмду) акварель боёгу менен иштөө.
20-сабак. Түстөрү жагынан карама-каршы (контраст) буюмдардан түзүлгөн натюрмортту графикалык усулда иштөө.
21-сабак. Эстөө боюнча натюрморт композициясын иштөө.
22, 23-сабактар. Табият пейзажы фонунда натюрморт иштөө.
24-сабак. Көркөм кооздоо графикасы.
25-сабак. 8-Март майрамына дубал газетасын иштөө. Контролдук иш.
26-сабак. Нооруз майрамына арналган композиция иштөө.
IV ЧЕЙРЕК.
27-сабак. Сүрөт өнөрүндө портрет. Портрет жанрында иштелген чыгармаларды көркөм өздөштүрүү.
28, 29-сабактар. «Мен сүйгөн каарман» темасында портрет иштөө.
30-сабак. Пластилин же ылайдан характерлүү маанайдагы портрет иштөө.
31-сабак. «Адабий чыгарманын каарманы» темасында портрет – иллюстрация иштөө.
32, 33-сабактар. Живопись же графика жанрында портрет иштөө.
34-сабак. Жыл бою аткарылган иштердин жыйынтыгы.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Сүрөт өнөрү, 5 класс, Козиев Т., 2015 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-16 21:02:58