Учебник по технологии для 4 класса на киргизском языке.
Өткөн жылдардын ичинде сен көптөгөн нерселерди үйрөндүң жана укмуштуу ачылыштарды жасадың. Эми сен төмөнкү класстарда алган билим, көнүккөндүк жана тажрыйбаларыңды бышыктаган түрдө түрдүү материалдардан дагы да кооз буюм, оюнчук, моделдерди жасоо технологияларын үйрөнөсүң, заманбап кесиптер, кол өнөрчүлөрдүн буюм жасоо усулдары менен таанышасың. Оюнчуктарды кантип оңдоо жана жаңылоону, моделдер жасоону, иш планын түзүүнү, чийме жана жолжоболорду окуганды үйрөнөсүң.
Быйыл силер өз алдынча гана эмес, ошондой эле чыгармачылык устаканаларында топторго бөлүчүп иштейсиңер. Классташтар менен тапшырмаларды талкууга аласыңар, аларды аткаруунун баскычтарын аныктайсыңар, коомдук иштин кайсы баскычын ким аткарышын келишип аласыңар.








