Учебник по химии для 9 класса на киргизском языке.
Адам баласы байыртадан химиялык заттар жана кубулуштар менен тааныш болгондугу тарыхтан белгилүү. Химиянын алгачкы түптөлүү учурунда пикир, түшүнүк жана изилдөөлөрдүн өнүгүшүндө көптөгөн чет өлкөлүк окумуштуулар менен бир катарда өзбек окумуштууларынын да өзүлөрүнө мүнөздүү ордулары бар.
Өзбекстандын аймагында жашаган элдердин жашоо-тиричилигинде кен казуу, темир эритүү, чоюн өндүрүү, айнек даярдоо, чопо буюмдарды жасоо сыяктуу иштер, химиялык заттардан пайдаланып даярдалган жасалга, кагаз, жазуу, галантереялык буюмдар үчүн керек болгон сымап жана анын бирикмелери, эфир майлары, мышьяк, өсүмдүктөрдөн алынган дары-дармектер кеңири колдонулгандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Дарактын кабыгы жана кенаптан 751-жылы Самаркандда кагаз өндүрүү жолго коюлган.








