Учебник по естествознанию для 4 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Жайкы каникулда жыргап эс алдың. Жай өзүнө мүнөздүү ажайып мезгил болуп саналат. Жайда күндөр узун, ал эми түндөр кыска болот. Күндүн нурлары өлкөбүз аймагына тигирээк түшөт. Ошондуктан күндөр ысык, асман булутсуз болот. Жай – балдардын эң сүйүктүү мезгили. Жайда сен теңкурларың менен ойнойсуң, чөмүлөсүң, жайкы жемиштерден жеп тоюнасың.








