Учебник по истории для 7 класса на киргизском языке.
Ардактуу окуучу, Сен 6-класста миңдеген жылдарга созулган дүйнө жана Өзбекстан элдеринин байыркы тарыхын окуп үйрөндүң. Адамзат тарыхын доорлоштуруу принцибине карай, Батыш Рим империясынын кулашы менен дүйнө тарыхында жаңы доор башталган. Ал V кылымдын аягынан XV кылымдын аягына чейин созулган. Анда жерге ээлик кылуучу коомдун кандай пайда болгону, кандайча өнүккөнү, элдердин жашоо мүнөзү, эмгек мамилелери, боштондук үчүн алып барылган күрөштөр менен бирге баскынчылык жана талоончулук жортуулдары жөнүндө да баяндалат.
ГЕРМАНДАРДЫН БАТЫШ РИМ ИМПЕРИЯСЫНА ЧАБУУЛДАРЫ.
Рим армиясы IV кы лымдан Рим империясы өзүнүн мурдагы кудуретин жогото баштаган. Бул жараяндын бир топ себептери болуп, алардан эң негизгиси кулдардын эмгегинин төмөн даражада болгондугу болчу. Тарыхтан белгилүү болгондой, кулдар өндүрүш темптеринин өсүүсүнөн кызыкдар болушпаган. Империянын кризиси, кулдардын санынын көбөйүшүндө негизги орун туткан, сырткы басып алуучулук согуштарынын болбостугу көйгөйдү ого бетер курчуткан.
Башкаруу бийлигин, о.э, кошуунду тамак-аш, кийим-кече, согуш куралдары менен камсыздоо зарылчылыгы салыктардын жылдан-жылга ашуусуна алып келген. Бул болсо жөнөкөй шаардыктар жана дыйкандардын арасында да нааразылык маанайын күчөткөн. Кризис 395-жылы Рим империясынын экиге: Батыш жана Чыгыш бөлүктөргө бөлүнүшү менен аяктаган. Күчтүү кризисти баштан өткөрүп жаткан Батыш империяга герман уруулары: вандалдар, вестготтор (батыш готтор), остготтор (чыгыш готтор), англдар, сакстар, франктар жана башка уруулардын чабуулдары күчөгөн.
МАЗМУНУ.
Киришүү.
I БӨЛҮМ. ОРТО КЫЛЫМДАРДА ЕВРОПА ЭЛДЕРИ (V-XIII кылым).
1-тема: Герман уруулары жана Рим империясы.
2-3-тема: Франктар мамлекети: королдуктан империяны көздөй.
4-тема: Британиядан – Англияга.
5-тема: Ыйык Рим империясы.
6-тема: Византия: Батыш менен Чыгыштын арасында.
7-тема: Славян мамлекеттеринин түзүлүшү.
II БӨЛҮМ. V-XIII КЫЛЫМДАРДА АЗИЯ ЖАНА АМЕРИКА.
8-тема: Жаңы диндин бешиги.
9-тема: Араб халифаты: ислам ааламынын пайда болушу.
10-тема: Селжуктардын мамлекети.
11-тема: Моңолдордун мамлекети.
12-тема: Индия – “Миң укмуштар мамлекети”.
13-тема: Кытай – “Асман асты империясы”: өнүгүү жана алсыроо.
14-тема: Корея орто кылымдарда.
15-тема: Күн чыгыш мамлекети – Япония орто кылымдарда.
16-тема: Америка орто кылымдарда.
III БӨЛҮМ. ОРТО КЫЛЫМ ЭЛДЕРИНИН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА МАДАНИЙ ЖАШООСУНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР.
17-тема: Орто кылымдарда христиан ааламында болуп өткөн өзгөрүүлөр.
18-тема: Кресттүүлөрдүн жортуулдары.
19-тема: Европада орто кылым шаарларынын өзүнө мүнөздүүлүгү.
20-тема: Азиянын орто кылымдагы шаарлары.
21-тема: Европанын орто кылымдардагы маданияты.
22-тема: Араб халифаты мамлекеттеринин маданияты.
23-тема: Кытай, Корея, Япония жана Индия элдеринин маданияты.
Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Дүйнө тарыхы, 7 класс, Насруллаев Л.М., Салимов Т., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.
Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу
Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:
Теги: учебник на киргизском языке :: история :: Насруллаев :: Салимов :: 7 класс
Смотрите также учебники, книги и учебные материалы:
Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:
- Jáhán tariyxı, 7 klas, Nasrullayev L.M., 2022
- Jahon tarixi, 10 sinf, Ergashev Sh., Xodjayev B., 2022
- O‘zbekiston tarixi, 7 sinf, Zamonov A., Ismatova N., 2022
- Qadimgi dunyo tarixi, 6 sinf, Sagdullayev A., Kostetskiy V., 2022