Эне тили, 1 класс, Юнусалиева А., Тойчубаева А., 2019.
Учебник по родному языку для 1 класса на киргизском языке.
Кымбаттуу окуучу! Мына бүгүндөн баштап сен тамгаларды туура жазууну, алардан сөз, сүйлөм түзүүнү үйрөнөсүң. Ошону менен бирге тыбыштык талдоону, көнүгүүнү эреженин негизинде иштөөнү дагы да кененирээк үйрөнөсүң. Эне тилиңдин түркүн-түркүн сырларын ачууга кадам таштайсың. Ар дайым китеп менен дос бол. Өз эне тилиңди сүй, кадырла, эне тилиңде таза сүйлө.
Ата-энеңдин, мугалимиңдин, Ата Мекениңдин ишеничин актоого аракет жаса. Сенден келечекте биздин үмүтүбүз чоң.
Бул түгөнбөгөн илим жолунда сени көптөгөн ийгиликтер коштосун.
