Учебник по геометрии для 7 класса на киргизском языке.
Сен математиканын эң кызыктуу бөлүмү – геометрияны үйрөнүүнү баштадың. Кенже класстарда айрым геометриялык фигуралар жана алардын касиеттери менен таанышкан элең. 7-класста геометриялык фигуралардын укмуштуу ааламына саякаттап, аны кеңири жана системалуу түрдө үйрөнүүгө киришесиң.
Бизди геометриялык фигуралар ааламы курчап турат. Геометриялык фигураларга күндөлүк турмушта ар кадамда туш келебиз. Чындыгында, төрт бурчтук түрүндөгү терезе рамкасы, кар бүртүгүнүн таң калыштуу формасы, түрдүү формадагы имараттар, күкүрт кутусу, велосипеддин дөңгөлөгү, самындын көбүкчөлөрү, гүлдөр, дарактын жалбырактары жана ушул сыяктуу нерселер белгилүү бир фигурага ээ.
![Геометрия, 7 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асраров И., 2022 Геометрия, 7 класс, Хайдаров Б., Таштемирова Н., Асраров И., 2022](/img/knigi/matematika/1665/166508.jpg)