Учебник по физике для 8 класса на киргизском языке.
Күндөлүк турмушту электр энергиясысыз элестетүүгө болбойт. Алсак, үйүбүздөгү лампочка, телевизор, муздаткыч, радио, үтүк, электр чайнек, компьютер сыяктуу шаймандарыбыздын бардыгы электр энергиясы эсебинен иштейт.
Түрдүү завод жана фабрикалар, өндүрүштүк ишканалар жана мекеме-лерде да электр энергиясынан пайдаланылат. Ошентип, электр энергиясы жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Жалпысынан алганда, электрдин ачылышы жана андан пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү чексиз өнүгүүгө себепчи болду. Турмушубузда дагы да кененчилик болушу үчүн электротехника, радиотехника, электроника, автоматика, маалымат техно-логиясы, нанотехнологиялар сыяктуу тармактарда окумуштуулар, инженерлер жана башка тармактын адистери тынымсыз изилденип жатышат. Окумуштуулар жана инженерлер тарабынан жасалган жаңы ачылыштардын натыйжасында бул тармактар дагы да өркүндөөдө. Ошондуктан, электр жөнүндо маалыматтарга ээ болуу үчүн сен физика сабактарында электр кубулуштары, электр жана магнит талаасы, электр тогу, электр-магнит кубулуштарды үйронөсүң жана электр энергияны өндүрүү жана берүү, жонөкөй электр аспап жана курулмалардын иштоо принциби менен таанышасың.
