Книги по биологии для 7 класса на киргизском языке.
Силер 1–6-классстарда окуу мезгилинде “Табыгый илимдер” сабактарында табият жөнүндөгү көптөгөн түшүнүк жана термин, мыйзамдуулуктар менен тааныштыӊар. Бул жылы силер жаӊы предмет – биологияны үйрөнүүнү баштайсыӊар. “Табыгый илимдер” сабактарында алган билимиӊерди эми силер үчүн жаӊы предмет – биология аркылуу тереӊирээк үйрөнөсүӊөр. Колуӊардагы окуу китеби силерге жаӊы билимдерди өздөштүрүүдө жардам берет. Биология тирүү организмдердин түзүлүшү жана жашоо шарты, ар түрдүүлүгү, тарыхый жана индивидуал өнүгүүнүн мыйзам-ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле, адамдардын жандуу жаратылышка тийгизген таасирин үйрөнөт.
Бул окуу китебинин жардамы менен силер биология сабактарында жана өз алдынча бактериялар, протисттер, козу карындар жана өсүмдүктөр, айбанаттардын түзүлүшү жана тиричилик функциялары, алардын көбөйүшү жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү, тирүү организм түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү, алардын табият жана адам турмушундагы мааниси жөнүндөгү билимдерге ээ болосуӊар.








