Учебник по технологии для 4 класса на киргизском языке.
Сен «Технология» окуу китебинин жардамында төмөнкү класстарда алган билим, билгичтик жана көнүгүүлөрүңдү бышыктаган түрдө, түрдүү материалдардан кооз буюм, оюнчук, жана моделдерди жасоо технологиясын үйрөнөсүң, кол өнөрчүлөрдүн буюм жасоо усулдары менен таанышасың.
Окуу китебинде берилген тапшырмаларды аткаруунун натыйжасында маалыматтарды издөө, аткаруу тартибин эстөө, маалыматтардан пайдала-нуу, оз ара мамиле жасоо, бири-бириңерге жардам берүү жана чогуу иштөөнү үйрөнөсүңөр.
Окуу китеби сага кооз буюм жана татынакай белектерди оз алдынча жасоодо жакындан жардам берет. Аларды атаэнеңе, инилериңе жана досторуңа тартууласаң, алар аябай кубанышат.
Китепте ишти аткаруунун тартиби, анын баскычтары баяндалган. Берилген үлгүлөрдү көрүп чык, сүрөт жана чиймелерди үйрөн, аткаруу учурунда төмөнкү суроолорго жооп берүүгө аракеттен.








