Учебник по этикету для 3 класса на киргизском языке.
Кымбаттуу окуучу! Колуңдагы китеп сенин «Адеп» предметинен 1–2-класстарда алган билимдериңди дагы да кеңитүүгө, бышыктоого кызмат кылат. 3-класста сен адептүү бала кандай сапаттарга ээ болушу, түрдүү жагдайларда өзүн кандайча карманышы, үй-бүлөсүнө, Мекенине кандай пайда келтириши жөнүндө абдан көп нерселерди билип аласың. Билим алуу үчүн көп окуу, үйрөнүү керек.
Ал үчүн сенде убакыт жана мүмкүнчүлүк жетиштүү. Убакытты текке кетирбейсиң, мүмкүнчүлүктөрдөн өнүмдүү пайдаланасың, деген ойдобуз.








