Учебник по химии для 8 класса на киргизском языке.
Илим жана техника тез өнүгүп жаткан бүгүнкү күндө химия предметинин сырларын илимдин негизинде үйрөнүү бир гана химия эмес, о.э. башка биология, физика, математика, география, геология, астрономия сыяктуу предметтерди үйрөнүүдө да негизги мааниге ээ. Жаңы технологиялык жараяндарга тийиштүү билимдерге ээ болуу да химиялык билимге негиз болуп кызмат кылышы анык. “Заман тез темптер менен өнүгүп жаткан азыркы мезгилде ким жеңет? Жаңы ой, жаңы идеяга, инновацияга таянган мамлекет гана жеңет”.
Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында 8-класста химия предметин окутууда үйрөнүлүшү керек болгон Мезгилдик мыйзам, хими ялык элемент тердин мезгилдик системасы, химиялык байланыштардын түрлөрү, азот, күкүрт, галогендик элементтердин тобу о.э. минералдык жер семирткичтер сыяктуу темалар удаалаштыгы заманбап илимий түшүнүктөрдүн негизинде жаңы ыкмаларда чагылдырылды.
