Учебник по технологии для 7 класса на киргизском языке.
Сен – улуу келечекти жаратуучу, жаңы технологияларды жашоо практикасына алып кирүүчү жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошуучу инсансың. Билим, көнүкмө жана тажрыйбасыз көздөгөн максаттарга жетишүүгө болбостугун билип ал.
7-класс үчүн «Технология» окуу китеби үмүт-ниеттериңдин жүзөгө ашышында пайдубал милдетин аткарат. Окуу китептин негизинде алган билимиң келечегиңде маанилүү орунду ээлеген эмгек жолуна даярдык көрүшүңө, өзүң кызыккан кесип-өнөр түрлөрүнүн бирин тандашыңда чоң мааниге ээ болот.
Ушул жаңы муун окуу китеби билимиңди байытуу жолунда сенин эң жакын камкоруң болушуна ишенебиз.
Сен тарбиялуу, акылдуу, билимдүү, тырышчак жана албетте, өз алдыңа койгон максаттарың үчүн дайыма алга умтуласың. Сен эң бактылуу окуучусуң! Иштериңе чоң ийгиликтерди тилейбиз жана албетте сени менен сыймыктанабыз.
![Tехнология, 7 класс, Шарипов Ш.С., Койсинов O.A., Маматов Д.Н., 2022 Tехнология, 7 класс, Шарипов Ш.С., Койсинов O.A., Маматов Д.Н., 2022](/img/knigi/tehnologiya/1664/166499.jpg)