Учебник по географии для 5 класса на киргизском языке.
Сен быйылкы окуу жылынан баштап жаны предмет — «Географияны» үйрөнөсүң. Биздин залкар ата-бабаларыбыз географияны жакшы билишкен, ошондуктан алар бул предмет жөнүндө өтө баалуу жана кызыктуу маалыматтарды жазып калтырышкан.
Географияны жакшы үйрөнүү үчүн сенде колуңдагы окуу китебинен тышкары «Табигый география башталгыч курсунун» атласы, жазуусуз карта жана чакмак сызыктуу дептер болу у га тийиш. Ошондой эле түстүү карандаштар, сызгыч, очүргүч, циркуль жана кээ бир тапшырмаларды аткаруу үчүн компас менен глобус да керек болот. Параграфтын аягындагы тапшырмаларды аткарганда, суроолорго жооп бергенде, китептеги сүроттордон жана карталардан пайдаланууну унутпа.
