Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022.
Учебник по киргизскому языку для 7 класса на киргизском языке.
Силерди жаңы окуу жылыңар менен куттуктайбыз! Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө көп-көп ийгиликтерди каалайбыз! Бул окуу китеби 6-класста алган билимиңерди андан ары тереңдетет. Окуу китебинде жаратылыш, ден соолук – терең байлык, кесибим – сыймыгым, жаш экономист, илим жана технологиялар, тил жана дил, тарых казыналары, искусство жана маданият, укугубуз – сыймыгыбыз жөнүндө көп кызыктуу маалыматтар сунушталган. Силер ийгиликтүү тил үйрөнүшүңөр үчүн кызыктуу жана керектүү маалыматтар менен таанышып, окуган жана билген маалыматтарды жупта, кичи топто талдап, ар түрдүү кырдаалдарда баарлашып, ой-пикириңерди жазып, аракеттене турган тапшырмалар берилди. 7-класстагы көндүмдөрүңөрдү андан ары өнүктүрүп, окуу китебиндеги ар бир тапшырманы адегенде өз алдынча, андан кийин жупта, кичи топто аткаруу керек экенин жакшы түшүнүп калдыңар деп ойлойбуз. Тапшырмаларды ушундай ирети менен аткарып жатып, силер өз пикириңерди түшүнүктүү билдирип, башкаларды түшүнгөндү жана окуган маалыматыңарды баалаганды үйрөнө аласыңар. Ийгиликтүү окуучу болуу үчүн окуучулар беш базалык көндүмгө ээ болушу керек, алар окурмандык компетенттүүлүктүн түзүмдүк элементтери болуп саналат. Окуу көндүмдөрүнүн өз ара байланышын, ошондой эле пландоо, окутуу жана окуучулардын беш базалык көндүмдү өздөштүрүү деңгээлин баалоо принциптерин билүү мугалимдер үчүн маанилүү болуп саналат.
![Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022 Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022](/img/knigi/441/1664/166461.jpg)