Учебник по изобразительному искусству для 6 класса на киргизском языке.
Ардактуу окуучу! “Сүрөт өнөрү” 6-класс китеби менен сен сүрөт өнөрүнүн дагы да кызыктуу жана заманбап жактарын өзүң үчүн ачасың. Заманбап сүрөт өнөрүнүн түркүн-түстүү жана сыйкырдуу ааламы сага өзүнүн сырларын ачып берет.
Китептин жардамында “Флуид-арт", “Поп-арт", 3D, “Doodling” жана “Zentangle” сыяктуу сүрөт тартуунун жаңыча усулдары, кинетикалык айкел жасоо техникасы, компьютер графикасында сүрөт тартуу темалары боюнча билим, көндүм жана тажрыйбага ээ болосуң.
Бул китеп сенин көркөм эстетикалык табитиңди калыптандырат, чыгармачыл туюмуңду өнүктүрөт, сени жаңыча идеяларды жаратууга үйрөтөт, жана өнөр-кесип ээлөөгө багыттайт.
“Сүрөт өнөрү” китебин мыкты өздөштүрүүңдө жана өз алдынча чыгармачылык жолуңда сага ийгиликтер каалайбыз!
![Сүрөт өнөрү, 6 класс, Муратов Х., Мирхакимова Д., Абдуллаев К., 2022 Сүрөт өнөрү, 6 класс, Муратов Х., Мирхакимова Д., Абдуллаев К., 2022](/img/knigi/izo/1665/166529.jpg)