Учебник по истории для 8 класса на киргизском языке.
VIII класстын «Өзбекстан тарыхы» окуу китеби сага Мекенибиздин XVI кылымдан XIX кылымдын ортолоруна чейин болгон тарыхы жөнүндө билим берет.
Тарыхчы окумуштуулар Мекенибиз тарыхынын бул дооруна «Соңку орто кылымдар» же «Үч хандыктар доору» деп наам беришкен. Бул доор тарыхыбыздын эң татаал, карама-каршылыктарга толгон доору бол-ду. Анткени бир мезгилдерде дүйнөгө атагы чыккан, дүйнө тарыхында өлбөс-өчпөс из калтырган Темурийлер мамлекети XVI кылымдын баштарында толук жоюлду. Сен мунун себептерин VII класстын «Өзбекстан тарыхы» окуу китебинен билип алгансың. VIII класста аларды дагы бир жолу эске аласын.








