Учебник по географии для 7 класса на киргизском языке.
7-класста сен мамлекетибиз — Өзбекстан Республикасы жай-гашкан табигый-географиялык чөлкөм — Орто Азиянын табигый географиясы менен Мекенибиздин табигый географиясын үйрөнөсүң. Орто Азиянын географиялык орду, өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү, геологиялык түзүлүшү, рельефи, кен байлыктары, климаты, суулары, топурактары, өсүмдүктөрү, жаныбарлар дүйнөсү, жаратылыш жана анын байлыктарынан туура пайда-лануу маселелери менен таанышасың. Ошону менен бирге, географияны үйрөнүүдө карталардан пайдаланууну, карталардын кандай иштелишин, түрлөрүн, топографиялык карталар, алардан кандай пайдаланууну билип аласьщ. Жадагалса, жергиликтүү убакыт, саат аймактары, климат пайда кылуучу факторлор, топурактар жөнүндө жалпы түшүнүктөргө ээ болосуң.
