Книги по биологии для 10 класса на киргизском языке.
Сен 7–9-класстарда окуу учурунда “Биология” сабактарында табият жөнүндөгү көптөгөн түшүнүк жана терминдер, мыйзамдар менен тааныштыӊ. Бул окуу жылында сен биологияны үйрөнүүнү улантасыӊ. Биология тирүү организмдердин түзүлүшү, өзүнө таандык касиеттери, көбөйүшү, өрчүшү, келип чыгуусу, табигый жамааттар жана жашоо чөйрө менен мамилесин үйрөнөт. Биологиялык билимдер сага ааламдын илимий көз карашын кеӊ түшүнүп жеткен абалда, келечекте адам катары калыптанышыӊа, кесип тандооӊо, илимий дүйнө көз карашыӊды кеӊейтирүүгө жана экологиялык билимге ээ болушуӊа негиз боло алат. Бул окуу китебинин жардамында сен биология сабактарында жана өз алдыӊча жашоонун төмөнкү түзүлүү даражасынан жогорку түзүлүү даражасына чейин табиятка бир бүтүн система катарында кароону, биологиялык түшүнүктөрдү, теория жана мыйзамдарды жалпылоо, алардын ортосундагы себептерди бир системага салууну үйрөнөсүӊ.








