Учебник по алгебре для 7 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
Абу Абдуллах Мухаммад ибн Муса ал-Харезмий Харезмде болжол менен 783-жылы туулган.
Харезмийдин калемине таандык 20 дан ашуун чыгарманын 10у гана бизге чейин жетип келген. Алар – “Ал-жабр вал-мукабала эсеби жөнүндө кыскача китеп” – алгебралык чыгарма, “Инди эсеби жөнүндө китеп” же “Кошуу жана кемитүү жөнүндө китеп” – арифметикалык чыгарма, “Kитаб суратул арз” – географияга тиешелүү чыгарма. “Зиж”, “Устурлаб менен иштөө жөнүндө китеп”, “Устурлаб жасоо жөнүндө китеп”, “Устурлаб жардамында азимутту аныктоо жөнүндө”, “Kитабур рухома”, “Kитабут тарих”, “Еврейлердин календары жанa майрамдарды аныктоо жөнүндө китепче”. Бул чыгармалардын төртөөсү араб тилинде, бири Фарганий чыгармасынын курамында, экөөсү латинче котормодо сакталган.








