Учебник по музыке для 3 класса на киргизском языке.
Бул жылы да музыка сенин жашооңду дайыма коштойт. Музыка – жан дүйнө азыгы. Жан дүйнөсү музыка менен өскөн баланын ден соолугу да чың болот. Музыка адамды укмуштай күү-обондор дүйнөсүнө баштайт, сезимдерин назиктештирип, аң-сезимиңди өстүрөт, сулуулукту сүйүүгө үйрөтөт.
Үчүнчү класста сен музыка обондорун көңүл коюп угууну, ырларды уккулуктуу, жагымдуу кылып ырдаганды өздөштүрөсүң. Окуу китептен музыкалык аспаптар жана алардын түрлөрү, ошондой эле кыргыз жана өзбек композиторлорунун чыгармачылыгы менен таанышып, музыкалык билимиңди байытасың.
Бул окуу китеби сенин жан дүйнөңдү тазартып, ой жүгүртүүңдү өнүктүрүү менен келечек оймаксатыңа жетүүгө көмөкчү болот деп ойлойбуз.
![Музыка, 3 класс, Нархожаев Н., Жуманазарова Р., Умидова Д., 2022 Музыка, 3 класс, Нархожаев Н., Жуманазарова Р., Умидова Д., 2022](/img/knigi/muzika/1664/166439.jpg)