Музыка, 2 класс, Нархожаев Н., 2021.
Учебник по музыке для 2 класса на киргизском языке.
Музыканын сыйкырдуу ааламына саякатыбыз уланат. Бул окуу жылында сени көптөгөн жаңы жана кызыктуу маалыматтар күтүп турат. Сен күү, ыр эмне экенин билип аласың, чейректик жана сегиздик ноталар, музыкалык өлчөмдөр жөнүндө түшүнүккө ээ болосуң. Кыл кыяк, най сыяктуу улуттук аспаптарыбыздын жаңырышынан ыракаттанасың.
Бир катар музыкалык аталыштар менен таанышасың жана музыканы жакшыраак түшүнө баштайсың. Ата Мекенибиз, кооз табиятыбыз, достук жана тынчтык жөнүндөгү көптөгөн күү жана ырларды угасың, ырдап үйрөнөсүң, аларга коштоочу болосуң. Мындан тышкары, ой-жүгүртүү, ойлоп табуу, чыгармачылык кылууга каратылган тапшырмаларды аткарасың.
