Учебник по литературе для 11 класса на киргизском языке.
Фрагмент из книги:
«Адабият» атамасы араб тилинен («адеп» деген сөздүн көптүк сандагы мааниси) алынган. Ал эми орус тилиндеги «литература» французча аталыш, түпкү чоо-жайы латынча («литера») сөздөн келип чыккан да, бизче «тамга» деген маанини берген, жазма адабиятка карата гана колдонулган. Негизгиси «литература» деген сөз да, «адабият» деген атама да дүйнөлүк маданий өнүгүштүн тарыхында жакындан бери эле колдонула баштаган. «Литература» деген терминге биринчи болуп орус сынчысы В.Г. Белинский 1862-жылы негиз салган, ага дейре мындай түшүнүк «поэзия» деп аталып келген. Ал эми «адабият» деген кепти биз, кыргыздар, XX кылымдын башынан гана колдонууга кириштик, ага чейин жеке түшүнүктө «дастан», «жомок», «казал», «макал» жана башка маанилерде өз-өзүнчө аталып келген.








