Учебник по праву для 11 класса на киргизском языке.
Колуңдагы окуу китеби төмөн класстарда алган билимиңди байытат жанa толтурат, укуктук билимиңди кеңитет. Ал эми мaданиятка канчалык ээ болуу өзүңө байланыштуу.
Мыйзамдарды билбеген адам бүгүнкү күндө өзүнүн укук жана милдеттерин билбейт. Ал турмушта кандайдыр кыйын абалга түшүп калса, бул абалдан кантип чыгууну, көйгөйдү кантип чечүүнү билбей, коргоосуз абалда калат. Бир акылман «Эң мыкты эркиндик – бул мыйзамдарга баш ийүү», деген экен. Анткени, мыйзамдын үстөмдүгү өлкөдө тынчтык, эркиндик жанa демократиялык принциптер өкүмдүк кылышынын кепили болуп саналат.
Бул багыттагы билимдериңди бышыктоодо жанa жогорку ахлактык баалуулуктар менен кошо укуктук маданиятка да ээ болууда сага ийгиликтерди каалабыз.








