Учебник по воспитанию для 11 класса на киргизском языке.
Жакында өз алдынча жашоо босогосуна кадам коёсуң. Сени алдыда күндөлүк турмуштун жөнөкөй сыноолорунун «өйдө-төмөнүнөн» тартып жашоонун укмуштуудай сыналбаган жолдору күтүп турат. Анткени бул жашоо мейкиндигинде жакшылык жана жамандык, чынчылдык жана жалганчылык, адал жана арам сыяктуу артыкчылык менен кемчилдиктер учурайт. Алар жанаша жашайт. Албетте, турмуш мына ушунусу менен түркүн-түстүү, сырдуу болуп саналат. Элестет, турмушта алгачкы жолу кыйын кырдаалга туш келдиң жана аны кандай жеңүүнү билбей жатасың. Ага каршы күрөшүү үчүн өзүңдө күч таба албай турасың. Кана, айтчы, сен кимге же эмнеге кайрыласың?
Албетте, мындай учурларда ата-энең жана жакындарыңдын ак ниет жана тазалыкка негизделген өздүк үлгүсү, тарбиячы-устаттарыңдын мээрим жана тартипке багытталган таалим-тарбиялары абдан пайда берет. Он бир жыл бою башка предметтер сыяктуу “Тарбия” китебинен да алган кооз тарбия, билим жана көндүмдөрүң жардамга келет.








